БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы Казакстандан Кыргызстандын аймагына бодо мал айдап өтүүгө аракет кылган КР жарандарын кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, Чүй облусунун аймагында 157 баш бодо мал жана 174 майда жандык айдап өтүүгө аракет кылган 39 жаштагы А.М. жана Б.А. аттуу кыргыз жарандары колго түшүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, айдалган мал 10 миллион 460 миң сомго бааланды.
Документтери текшерилген соң мал өткөрүүгө аракет кылгандардын иши андан аркы териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берилгени айтылды.