Жайдары маанай, түркүн түскө боёлгон жаштар. Боёк фестивалынан сүрөттөр

Бишкекте узаган дем алыш күнү ColorFest боёктор фестивалы өттү. Иш-чара шаардагы "Асанбай" паркында уюштурулган.
Sputnik
Фестивалдын башкы максаты — катышуучулар ачык түстөгү боёкторду бири-бирине чачып ойношот, алар боёктун оңой жуула турган түрүн колдонушат.
Фотограф Владислав Ногай түркүн түскө боёлгон өзгөчө окуядагы кадрлар менен бөлүштү.
1 / 15

Борбор калаада ColorFest фестивалы өттү

2 / 15

Боёк чачышмай оюну 4-сентбярда "Асанбай" шаардык паркында өттү

3 / 15

Фестивалда бири-бирин түркүн түскө боёо салтка айланып калган

4 / 15

Иш-чарага шаар тургундары жана коноктору жаш курагына карабай бардык каалоочулар катыша алды

5 / 15

Мындай фестиваль Кыргызстанда биринчи жолу 2016-жылы уюштурулган

6 / 15

Шаңдуу музыка жаңырып, боёк чачышканы келгендерге жагымдуу маанай тартууланат

7 / 15

Келгендердин басымдуу бөлүгүн жаштар түздү

8 / 15

Коноктордун бири дагы боёксуз кеткен жок

9 / 15

Уюштуруучулар оюнга ылайыкталган атайын боёкторду даярдап коюшкан

10 / 15

Боёкторду жеринен сатып алышты. Ал денеге же кийимге тийсе оңой жуулат.

11 / 15

Арасында чет элдик коноктор дагы болду

12 / 15

Ата мекендик ырчылар жана бий топтору шоу-программа тартуулашты

13 / 15

Чер жаза ойноп, жайдары маанайда жүргөн бөбөк

14 / 15

Мындай майрамды уюштуруу идеясы алгач Индияда жаралган

15 / 15

Индиялыктарда бул Holi деп аталат