Индияда аттракциондун 15 метрлик мунарасы ичиндеги кишилер менен кошо кулаган. Бул окуянын кандай болгону видеого түшүп калган.
Ал Индиянын Пенджаб штабына караштуу Мохали шаарында болгон. Кадрдан кишилер менен абада айланып жаткан кабинанын ылдый көздөй зуулдап келип, жерге урунганын көрүүгө болот. 15 метр бийиктиктен кулаган конструкциянын ичинде чоңдор менен кошо балдар да болгон.
Алдын ала берилген маалыматтарда 18 кишинин жабыркаганы айтылган. ЖМКлар 10 киши катуу жаракат алып, ооруканага түшкөнүн жазды.
Жергиликтүү эл аттракцион ээлеринин тиешелүү эрежелердин сактаганын жана иштеткенге уруксаты бар-жогун иликтөөнү бийликтен талап кылышты. Ал эми тартип коргоо органдары кырсыктын себебин иликтеп жатканы айтылды.