БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров регионду башкаруусун улантат. Бул туурасында Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз билдирүүнү көрдүк. Азырынча эч нерсе өзгөрө элек. Кадыров Чечен Республикасын башкарууну улантып жатат", — деди Кремлдин өкүлү.
3-сентябрь күнү Кадыров Telegram каналына видеокайрылуу жасап, Чеченстандын башчысы кызматында 15 жыл иштеп көп отуруп койгонун, мөөнөтсүз эмгек өргүүгө чыгуу мезгили келгенин айткан. Ошондой эле ал кууп жибере электе кантип өз убагында кетип калууну ойлонуп жатканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, былтыр сентябрь айында Чеченстандын жетекчилигине шайлоо өтүп, Кадыров шайлоочулардын добушунун 99,7 пайызына ээ болгон.