Дүйнөгө белгилүү ырчынын бул окуясы Лос-Анжелестеги Sofi стадионунда болгондугун Reuters агенттиги жазды. Аны угуу үчүн болжолдуу түрдө 70 миңге чукул адам келген.
"Азыр эмне болуп кеткенин өзүм да билбей калдым, биринчи ырымда эле үнүм чыкпай калды, жаман абалда турам. Бул мени кайгыга салды, шоуну токтоткум келген жок. Бирок сиздердин алдыңыздарда азыр ырдай да албайм. Баарын жасайм, акчаңыздарды кайта аласыздар. Жакында сиздерге жаңы шоу тартуулайм. Баарыңыздардан ийилип кечирим сурайм", — деген артист сахнада туруп.