Россиянын ири банктары юань менен депозит ачууну сунуштоодо

Адис эл аралык соода-сатыкта рупия менен лирага салыштырмалуу юань көбүрөөк колдонуларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Россияда 30 ири банктын ичинен онго чукулуна юань менен акча салса болорун фонд рыногу боюнча эксперт Валерий Емельянов айтканын РИА Новости жазды.
Ал эл аралык соода-сатыкта рупия менен лирага салыштырмалуу юань көбүрөөк колдонуларын белгилеген. Россиянын ири банктары да рупия, лира сыяктуу валюталарда депозит ачууну азырынча сунушташкан эмес. Емельяновдун айтымында, банктар калктын жана бизнестин суроо-талабына жараша иштейт.
"Юанга суроо-талап экспорт кылган компаниялар санциялардан кийин төлөм валютасын евро, доллардан юанга алмаштыргандан соң пайда болду", — деген адис.
Емельяновдун пикиринде рупия менен лиранын курсу туруктуу эмес жана туристтер доллар, евро, юанды колдонууга басым жасашат.
Бирок азырынча Россиянын көпчүлүк банктарында юандын коюму азыраак экени белгиленди. Ошентсе да башка валюталарга салыштырмалуу юань көбүрөөк суроо-талапта болуп жаткандыктан аталган валюта менен депозит ачып коюу ашыкча болбой турганы белгиленди.
Эске салсак, Кыргызстанда бир гана банкта юань менен депозит ачса болот.
Кыргызстандыктар депозитте канча акча сакташат? Статистика