Нарын: сафлорду кайра иштетүү жана Кытайга экспорттоо меморандумуна кол коюлду

Быйыл Нарын дубанынын аймагында 400 гектардан ашык аянтка сафлор өсүмдүгү эгилген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Нарын облусунун аймагында өстүрүлүп жаткан сафлор өсүмдүгүн кайра иштетүү жана Кытайга экспорттоо боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Белгилүү болгондой, быйыл Нарын дубанынын аймагында 400 гектардан ашык аянтка сафлор өсүмдүгү эгилип, май өндүрүү иши пландалып жаткан. Облус жетекчилиги кийинки жылдары сафлордун аянтын кеңейтүү жана кайра иштетип, өндүрүлгөн продукцияны Кытай мамлекетине экспорттоо боюнча аракеттерди көрүп келген.
1 / 2

Нарын облусунун аймагында өстүрүлүп жаткан сафлор өсүмдүгүн кайра иштетүү жана Кытайга экспорттоо боюнча меморандумга кол коюлду.

2 / 2

Белгилүү болгондой, быйыл Нарын дубанынын аймагында 400 гектардан ашык аянтка сафлор өсүмдүгү эгилип, май өндүрүү иши пландалып жаткан

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кечээ, жума күнү, кытай инвесторлору менен сафлордун гүлүнөн дары-дармек жасоо, май өндүрүү жана аны экспорттоо боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
"Биз Нарын облусунун экономикасын көтөрүүгө салым кошо турган инвесторлорго муктажбыз. Сиздер менен иштешүүгө, кийинки жылдары сафлор өсүмдүгүнүн аянттарын кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Бул үчүн жер аянттары жана фермерлерибиздин мүмкүнчүлүгү жетет. Бир эле сафлорду кайра иштетүү эмес, башка тармактарда да кызматташууга даярбыз", — деген президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жолугушуу учурунда.
Кызыкдар болгон компаниянын директору Юэ Хэфу бул кадамдарга канааттанганын айткан.
"Кыргызстанга келгениме алты жыл болду. Нарын облусу суу, кен байлыктарына жана дары чөптөргө бай. Сафлор Кытайда абдан бааланат. Май өндүргөндөн сырткары сафлордун гүлүнөн дары-дармек жасаса болот", — деген ал.
Нарын: жергиликтүү бийлик сафлор өстүрүп, андан май алууну пландап жатат