Москва: Кыргызстанда туулган жигитти такси коюп кетип, көз жумду. Видео

Шаардык прокуратура таксист жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кеткенин маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Москвада таксист сүзүп кеткен курьер жигит ошол жерден жан берди. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги көз жумган адамдын Кыргызстанда туулгандыгын тастыктады.
РИА Новостинин жазганына караганда, кырсык Москванын түштүк-батышында болгон. Ал бир дөңгөлөктүү транспорту (самокат) менен жолдон өтүп бараткан. Шаардык прокуратура таксист жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп, коюп кеткенин маалымдаган. Жабыркаган киши кырсык болгон жерден үзүлгөн.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги көз жумган адам Россиянын жараны, бирок улуту кыргыз экенин билдирди. Ал 34 жашта болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Түндө Бишкекке жакын айланма жолдогу автокырсыктан 5 киши көз жумду. Видео