Биринчи ирет жер депутат Беттина Петцольд-Маер жарандарга жаратылыш кырсыгы болушу ыктымал деген коркунуч бар экенин айтып жатканда титиреген. Парламент өкүлү ага карабастан жылмайып, сөзүн улантып жатканда кайрадан, бирок катуураак силкинген. Имараттын титиреп кеткенин видеодон да жакшы байкоого болот.
"Өтө эле катуу болуп кетти, кайра жер титиребейт деп эч ким айта албайт", — деген спикер Альберт Фрик 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялаган.
Германиянын илим-изилдөө борбору Лихтенштейнде очогунда күчү 2,4 жана 3,9 баллга жеткен жер титирөөлөр катталганын тастыктаган. Алар Австрия менен Швейцариянын айрым жерлерине чейин сезилген.