Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бийлик: Украина аскерлеринин аткылоосунан Херсон эли референдумду талап кылууда

Стремоусов референдум сөзсүз болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Херсонду жана облусту тынбай аткылоосунан улам жергиликтүү тургундар референдумду тезирээк өткөрүүнү талап кылууда. Бул тууралуу РИА Новостиге аймактын администрация башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов билдирген.
"Референдумга даярдыктар жүрүп жатат. Ал сөзсүз болот жана эч ким тоскоолдук жарата албайт. Улутчулдар Херсонго кире албай турганын бир нече жолу айтканбыз. Алардын тынбай аткылап жатканынан улам эл референдумду өткөрүүнү талап кылышууда. Өз элине кантип ок чыгарсын? Алардын мындай кадамы жергиликтүү тургундардын референдумга катышуу каалоосун күчөтүүдө. Мага аракет кылып кадам таштоону өтүнүп жазгандар көп", — деген Стремоусов.
Март айынын орто ченинде Россиянын армиясы Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Ал жакта жарандык-аскердик администрациялар түзүлүп, РФтин телеканалдары менен радиостанцияларынын уктуруулары берилүүдө. Крым менен соода байланыштары дагы калыбына келтирилип жатат. Эки аймак тең Россиянын курамына кирүү планын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина менен АКШ РФке кошулам деген аймактарда референдум болтурбоону сүйлөшүүдө