Германияда массалык түрдө нааразылык акциялары болору болжолдонууда

Эксперт эл менен бийликтин ортосундагы кагылышууга негиз болчу үч факторду тизмектеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Күзүндө Германиянын ар бир тургуну инфляциянын кээрин тартып, электр энергиясы тартыш болот. Бул массалык түрдөгү нааразычылык акцияларына алып келиши ыктымал. Мындай божомолун Дрезден университетиндеги саясат таануу боюнча профессор Вернер Патцельт айтканын РИА Новости жазды.
"Өкмөт аткара албай турган убадаларды эле берип жатканын жарандар түшүнө баштады", — деген эксперт.
Патцельт буга байланыштуу массалык түрдө нааразычылык акциялар болорун божомолдогон. Эксперт эл менен бийликтин ортосундагы кагылышууга негиз болчу үч факторду тизмектеген. Биринчиси — инфляциянын жогорулашы, экинчиси — абалды жакшыртуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө өкмөттү мажбурлоого элдин даяр болуп калышы, үчүнчүсү — ЖМКлардын нааразычылык акциясын чагылдыруу саясаты.
Эске салсак, бүткүл Европа көгүлтүр оттун олуттуу тартыштыгына дуушар болууда. Анткени Россиянын негизги түтүгү болгон "Түндүк агым" 20 пайыз кубаттуулук менен гана иштеп жатат. "Газпром" муну талапка жооп бербеген техникалык тейлөө жана Siemens турбиналары оңдоп-түзөөдөн кийин Канада тараптан кайтарып берилбей жатканы менен байланыштырган. Азыр куурду иштетүү үчүн беш кыймылдаткычтын бирөө гана колдонулууда.
Шольц Германия Россиядан газ алууну токтотпой турган себебин айтты