БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Энеси карыздарын төлөө үчүн сатууга аракет кылган жети жашар бала Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу "Комсомольская правда-Екатеринбург" газетасы наристенин өгөй атасына шилтеме кылып жазды.
Августтун башында Екатеринбургда 36 жаштагы кыргызстандык аял кармалган. Россиялык басылмалардын маалыматына караганда, шектүү карыздарынан кутулуу үчүн баланы 300 миң рублге сатууга аракет кылган. Белгиленгендей, ал Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам сатуу" беренеси боюнча он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Бала Екатеринбургдагы социалдык мекемеге жайгаштырылган. Өгөй атасынын айтымында, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарына керектүү документтер чогултулуп жатат.
"Камкорчулук маселесин Кыргызстандын мыйзамдары менен чечиш керек экен. Бул жерде баланын туугандары жок. Ошондуктан чоң энесине алып кетишет. Эгер ал баш тартса, мен өзүм ала алам. Жакында мага баланы көрсөтүүгө уруксат беришет. Азыр анын ден соолугу тууралуу маалым катты даярдоо гана калды", — деди ал.