ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда товарлар, кызматтар боюнча соода алакасы, бажылык администрациялоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, инвесторлор киргизген капиталдык салымдар, интеллектуалдык менчик, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык, туруктуу өнүгүү, электрондук соода маселелерин камтыган келишим бар. Кыргызстан жана биримдикке башка мүчө-өлкөлөр бул мүмкүнчүлүктү жакшылап колдонбой келишет. Бул тууралуу Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул сыяктуу эле келишим убактылуу мөөнөткө Иран менен да түзүлгөн.
"ЕАЭБ кыска убакытта көптөгөн иштерди жасай алды. Мүчө беш өлкөдөн сырткары башка мамлекеттер менен да эркин соода келишимдерин түзүп, иш алып барууда. Мисалы, Иран менен белгилүү мөөнөткө түзүлгөн келишим бар. Анын үзүрүн Кыргызстан аз да болсо көрүп жатат. Вьетнам, Сербия, Сингапур сыяктуу башка өлкөлөр менен да ушундай келишимдер түзүлгөн. Биримдик мүчө-мамлекеттерди мунун баарын жетишерлик деңгээлде колдонбой жатышат. Бирок башкалар көрүп, байкап турушат. Ошондуктан ЕАЭБге байкоочу макамында турган Өзбекстан, Иран жана Куба мамлекеттеринин айрымдары мүчөлүккө кирип калышы толук ыктымал. Биримдик өз алкагында экономикалык мүмкүнчүлүктөргө кенен жол ачыларын тастыктап келе жатат",— деди Ибраев.
Ал учурда Индонезия, Израиль, Индия мамлекеттери менен эркин экономикалык келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.