Бишкектин түштүгүндө жер тилкелерин берүүдө ири коррупция аныкталды

Прокуратуранын маалыматында, кызмат адамдарынын аракети шаардын башкы планы менен калаанын түштүк аймагын деталдык пландоо долбоорунун негизги чечимдерин өзгөртүүгө алып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын прокуратурасы борбор калаада курулушка уруксат берүүдө ири коррупцияны аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы мамлекеттик долборлоо институтунун мурдагы директору А.Ж. жана "Бишкек башкы курулуш" мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу М.у.Ч. коррупцияга шектелип кармалды.
"Тергөөнүн жүрүшүндө А.Ж. "Бишкек башкы курулуш" мекемесинин кызмат адамдары менен материалдык пайда көрүүнү көздөп, уруксат берилбеген көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштырууга жана жер тилкелерди пайдалануунун планын бузууга барганы аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарынын түштүк аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча пландын долбоорунда каралган нерселерди өзгөртүп, документтерди жеке курулуш компанияларга жана аффилирленген жактарга беришкен", — деп жазылган маалыматта.
Прокуратуранын маалыматында, мындай аракеттер шаардын башкы планы менен калаанын түштүк аймагын деталдык пландоо долбоорунун негизги чечимдерин өзгөртүүгө алып келген. Мунун айынан шаардын түштүк тарабынын инфракструктурасы бузулганы белгиленет.
"А.Ж.А. аттуу жарандын үйүнөн жана алардын "А" ЖЧКсынын кеңсесинен ок атуучу куралдар жана ири өлчөмдөгү ок-дары, ошондой эле шектүүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин тастыктаган документтер табылды", — деп жазылган маалыматта.
М. у. Ч Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген, А.Ж. боюнча Биринчи май райондук соту чечим чыгарары айтылды.
Бишкекте подполковник пара алып жаткан жеринен кармалды