Чымыр денелүү, буура сандуу аялдар... Бишкекке келген бодибилдерлер сүрөттө

Бишкекте бодибилдинг жана фитнес боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Анда 35 мамлекеттен келген 600дөн ашуун спортчу чеберчилигин көрсөтүүдө.
Sputnik
Кечээ чемпионаттын биринчи күнү жыйынтыкталды. Айрым номинациялар боюнча жеңүүчүлөр да белгилүү болду.
Ири спорттук иш-чарадагы ары суктанткан, ары таң калтырган ирмемдерди Sputnik агенттигинин фотографы тартып келди.
1 / 14

Борбор калаада бодибилдинг жана фитнес боюнча Азия чемпионаты 3-августта башталды

2 / 14

Мелдешке күч сынашууга жана келбетин көрсөтүүгө 35 мамлекеттен 600дөн ашуун спортчу келди

3 / 14

Турнир алдында катышуучулар салмакка түшүүдө. Салмагы ашып кеткендер мелдештен четтетилет же кемитилген упай менен чыгат.

4 / 14

Чемпионатта кыз-келиндер да күч сынашууда. Арасында мыктылары "темир айым" атка конушат.

5 / 14

Спортчу кыздардын көбү "фитнес-бикини" номинациясы боюнча ат салышууда

6 / 14

Адатта турнирге чукул бодибилдерлер денени "кургатышат". Сууну аз ичип, атайын көнүгүүлөрдү жасашат.

7 / 14

Ошондой эле мелдеште кара тору болгон же бир аз күнгө күйгөн дене көрктүү деп эсептелет

8 / 14

Ары сүрдүү, ары сулуу спортчу аял... Мындай денеге жетүү үчүн алар эркектерден кем калбай машыгат.

9 / 14

Калыстар тобу кыздардын дене түзүлүшүнөн сырткары боенгонуна, чач жасалгасына жана терисине көңүл бурушат

10 / 14

Айрым номинациялар боюнча жеңүүчүлөр чемпионаттын биринчи күнүндө эле белгилүү болду

11 / 14

Чымыр денелүү, буура сандуу айымдар... Баса, алардын кийингени да көңүл сыртында калбайт

12 / 14

Бул спортто жылмаюу да маанилүү... Сүрөттө бири-бирин чын дилден куттуктаган бодибилдерлер.

13 / 14

Жеңүүчүлөргө борбор калаада өткөн чемпионат көп мүмкүнчүлүк берет

14 / 14

Мисалы, бодибилдинг боюнча дүйнөлүк мелдештерге катышат алышат

Тема боюнча:
Ар өлкөдөн келген салбуурунчулардын бүйүр кызыткан оюну. Сүрөт түрмөк