БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Баткен облусундагы аба ырайынын бир апталык божомолун таратты.
Бул аймакта 4-9-сентябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал, бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы 31...33 градуска чейин ысыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши мүмкүн.