Түндө Бишкекке жакын айланма жолдогу автокырсыктан 5 киши көз жумду. Видео

Жабыркаган үч адам ооруканага жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кечээ саат 22:00 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда, борборго жакын аймакта автокырсыктан беш киши көз жумганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Трагедия айланма жолдо, ГЭС-5 аймагына жакын жерде болуп, BMW, Mazda жана Mercedes-Benz автоунаалары кагышкан.
Бул кырсыктан BMW автоунаасын айдап бара жаткан киши жана үч жүргүнчү менен Mazda машинасын башкарып бара жаткан адам көз жумган. Дагы үч кишинин ооруканага жеткирилгени маалым болду.
Милициядан учурда кырсыктын эмнеден чыкканын териштирилип жатканын айтышты.
Бишкек — Ош жолундагы автокырсыктын кесепетинен бешинчи өспүрүм көз жумду