Кыргызстанда эл аралык "Жеңиш диктанты" акциясы өттү. Сүрөт

Иш-чара бардык аймакта, жалпы жонунан 19 жерде болду.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Жеңиш диктанты" деп аталган эл аралык тарыхый акция болуп өттү.
1 / 7

Кыргызстанда "Жеңиш диктанты" деп аталган эл аралык тарыхый акция болуп өттү

2 / 7

Иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата Мекендик жана Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу билимин текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышты

3 / 7

45 өлкөнүн башын бириктирген акция Кыргызстандын бардык аймагын камтыды

4 / 7

Иш-чара 19 жерде өттү

5 / 7

Анын бири "Русский дом" — Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору болду

6 / 7

"Мындай өңүттөгү акциялар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары 9-майда эле эмес, бардык убакта эскерилерин көрсөтөт" деди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеев

7 / 7

Анын айтымында, бул сыяктуу иш-чаралар Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалоо аракетине бөгөт коёт

Иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата Мекендик жана Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу билимин текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 45 өлкөнүн башын бириктирген акция Кыргызстандын бардык аймагын камтыды. Иш-чара 19 жерде өтүп, анын бири "Русский дом" — Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору болду.
"Мындай өңүттөгү акциялар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары 9-майда эле эмес, бардык убакта эскерилерин көрсөтөт" деди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеев. Анын айтымында, бул сыяктуу иш-чаралар Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалоо аракетине бөгөт коёт.

"Билим албасак, кол жоолукка айланабыз. Каалаган киши каалаган жагына багыттап коёт. Тарыхты билген кишини тескөө кыйын. Дал ушул максатта тарыхый акция үчүн диктант форматы тандалган", — деди Зульхарнеев.

"Жеңиштин ыктыярчылары" кыймылынын Кыргызстандагы координатору Анастасия Шевченко диктанттын татаалдыгына токтолду.
"Диктант жеңил эмес. Суроолор бир топ татаал, логика менен байланышкан. Фактыларды айкалыштырып, мектепте окугандарды эстеш керек, ошондо жооп туура болот", — деди ал.
Анын айтымында, жогорку баа алгандарга сыйлыктар каралган.
Акциянын катышуучуларына согуш доору тууралуу даректүү жана көркөм тасмалар көрсөтүлдү.
Кыргызстандык жаран согушка катышкан чоң атасынын сыйлыгын алды