Жапаровдун эскертүүсү министрлерге кандай таасир этти

Буга чейин өлкө башчысы санариптешүүгө өтүүнү каалабаган мамлекеттик органдар коррупциялашкан деп тааныла турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун эскертүүсүнөн кийин бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Эскерте кетсек, мамлекет жетекчиси 20-август күнү санарип технологияга өтүү саясатына кайдыгер караган 14 мекемеге эскертүү берген. Жапаров 1-сентябрга чейин маалымат бербеген министрлер 2-сентябрда кызматынан кол жууй турганын, мындай мекемелер коррупциялашкан деп тааныла турганын билдирген болчу.
"Мамлекет башчынын эскертүүсүнөн кийин бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды бергенин маалымдайбыз", — деди Султанбаев.
Ал мамлекеттик башкаруу системасын санариптештирүү процесси өлкөнүн жогорку жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналарын, ал ар дайым президенттин көзөмөлүндө турарын белгилеген.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 40 млн. сомго жабдуу сатып алат