Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский мойнуна алганы оң. АКШлык генерал Украинаны кыйратчу жагдайды атады

Августтун орто ченинде АКШ Киевге 775 миллион долларлык аскерий жардамдын жаңы траншын бөлгөнүн жар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Киевге келип жаткан курал-жарактын алдыңкы системаларынын азайышы Украина куралдуу күчтөрүн катастрофага кептейт. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн бригадалык генералы Марк Киммиттин мындай өңүттөгү макаласы The Wall Street Journal басылмасына жарыяланды.
Автордун айтымында, Украинага көрсөтүлүп жаткан жардамдын акыркы пакеттеринин бирине 105 миллиметрлик гаубицалар менен кичирээк калибрдеги артиллериялык ок-дарынын киргизилиши НАТО курал-жарактын запасы жаатында көйгөйгө тушукканын айгинелейт.
"Мындай курал-жарак буга чейин жөнөтүлүп жаткандардан кыйла эски, чабал. Бул согуш талаасында Украинага берилген техника жана ок-дары ашыгы менен колдонулганын билдирет. Эгер андай болсо, демек, НАТО кыйынчылыкка кептелет", — деп жазган генерал.
Киммитт абал начарлап жатканы анык болгон соң Зеленскийдин Россия менен сүйлөшүү тууралуу ойлонгону оң деген пикирде.
"Зеленский барган запастын мурункудай толукталбай калганы армиясы үчүн кесепеттүү экенин, бул атайын операциянын алкагында эле эмес, жалпы тышкы колдоонун азайып жатканынан да кабар бериши мүмкүн экенин мойнуна алышы керек. Абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга аракет утулуу катары да кабылданышы мүмкүн, бирок бул саздан чыгуунун башка жолу болбогон соң сүйлөшүүнү кеч боло электе азыр баштаган оң", — деп айтылат макалада.
Августтун орто ченинде АКШ Киевге 775 миллион долларлык аскерий жардамдын жаңы траншын бөлгөнүн жар салган. Анын ичинде HIMARS реактивдүү системасы үчүн ок-дары, танкага каршы Tow деп аталган 1500 ракета, радиолокацияга каршы ракеталар жана 1000 Javelin бар.
Москва курал-жарактын жөнөтүлүшү тирешүүнү создуктура турганын, мындай техника жүктөлгөн транспорт россиялык армиянын мыйзамдуу бутасы болорун эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ армиясынын Украина аскерлеринин чабуулун токтоткон учуру. Видео