УКМКнын Ноокаттагы бөлүмүнө жаңы имарат курулуп, ачылышы болду. Сүрөт

Иш-чарага атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. УКМКнын Ош облусуна караштуу Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

УКМКнын Ош облусуна караштуу Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди

2 / 4

Административдик имараттын ачылыш аземи бүгүн, 3-сентябрда, өткөн

3 / 4

Иш-чарага атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Ош облустук башкы башкармалыгынын өздүк курамы жана жетекчилиги, президенттин облустагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан

4 / 4

Жаңы имаратта иштөө үчүн бардык заманбап ыңгайлуу шарттар, машыгуу залы, ашканасы жана казармасы бар экени белгиленди.

Административдик имараттын ачылыш аземи бүгүн, 3-сентябрда, өткөн.
Иш-чарага атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Ош облустук башкы башкармалыгынын өздүк курамы жана жетекчилиги, президенттин облустагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.
Жаңы имаратта иштөө үчүн бардык заманбап ыңгайлуу шарттар, машыгуу залы, ашканасы жана казармасы бар экени белгиленди. Мындай иштер УКМК бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоонун алкагында жасалып жатканы белгиленди.
УКМК Бишкекте жаңы имараттуу болду. Сүрөт