БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата Талас облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолуна ылайык, 4-9-сентябрда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми 10-сентябрда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Ал эми абанын жогорку температурасы 32 градуска чейин жогорулайт.