БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Экс-президент Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мындай чечимди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш кабыл алган. Буга чейин аталган кызматты канадалык Дебора Лайонс аркалап келгени айтылды.
Роза Отунбаева бул кызматка лидерлик, дипломатия, жарандык активдүүлүк жана эл аралык кызматташуу боюнча 35 жылдан ашуун кесиптик тажрыйбасын эске алуу менен дайындалган.
Ал 2010-2011-жылдары Кыргызстандын президенти, үч жолу тышкы иштер министри, 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 1991-жылы вице-премьер болуп эмгектенген.
Ошондой эле ал Тышкы иштер министрлигинде бир нече жооптуу кызматтарды аркалаган. Анын ичинде Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси (1992-1994), Улуу Британиядагы элчиси (1997-2002), ЮНЕСКО иштери боюнча советтик улуттук комиссиянын төрагасы (1989-1991) болгон.
Отунбаева 2002-2004-жылдары БУУнун Грузиядагы байкоочулар миссиясында (UNOMIG) башкы катчынын атайын өкүлүнүн орун басары кызматын да аркалаган. Учурда ал БУУнун башкы катчысынын медиация боюнча жогорку деңгээлдеги консультативдик кеңешинин мүчөсү жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун жетекчиси.