Рамзан Кадыров бийликтен кетерин жар салды

Жетекчи кавказдыктардын макалын мисал келтирген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Рамзан Кадыров Чечен Республикасынын башчысы кызматынан "мөөнөтсүз жана узакка созулган өргүүгө" кетерин жар салды. Бул тууралуу ал Telegram-каналы аркылуу маалымдаганын РИА Новости жазды.

"Достор, мен бүгүн Россия Федерациясынын субъект башчыларынын арасында узак өмүр сүргөн жетекчи экенимди билдим. Көпкө отуруп калдым окшойт. Мөөнөтсүз жана узакка созулган өргүүгө татыдым. Колдоп, түшүнөсүздөр деп ишенем", — деп жазган ал.

Кадыров республиканы 15 жылдан бери жетектеп жатканын белгилеп, макалды эске салган.
"Бизде, кавказдыктарда, канчалык абройлуу болсо да убагында кеткен коноктун кадыры артат деген макал бар. Андыктан кууп чыга электе менин да убактым келди деген пикирдемин. Бул тууралуу ойлоно баштадык, өз маалында кетүүгө аракет кылабыз", — деген Кадыров.
Эскерте кетсек, Рамзан Кадыров 2007-жылдан 2011-жылга чейин республика президенти кызматын аркалаган, андан соң аталган кызмат жоюлуп "республика жетекчиси" болуп ушул күнгө чейин иштеп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Он жылдап күтпөйбүз! Рамзан Кадыров Зеленскийге кайрылды