БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ош шаарында жаңы окуу жылына карата муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга кассалык аппараттар орнотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жол кирени электрондук транспорт картасы аркылуу накталай эмес түрдө төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Карталардын балансын MegaPay тиркемеси аркылуу толуктоого болот.
Бул системанын иши менен Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев таанышып, электрондук төлөм карталарын жайылтуу үчүн шарттарды түзө турганын айтты.
Транспорттук электрондук картанын үч түрү бар: студенттер, пенсионерлер жана башка жүргүнчүлөр үчүн. Жол кире накталай 10 сом, карта менен 8 сом.
Бул картаны Түштүк-Чыгыш жана ХБК кичи райондорундагы троллейбустардын акыркы аялдамаларындагы көзөмөл пунктуларынан, автоунаа ишканасынан сатып алууга болот. Ошондой эле шаардын жогорку окуу жайларында дагы сатуу жайларын ачуу пландалууда.