Мукамбет Токтобаев 1947-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында туулган. Эмгек жолун Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө баштап, 25 жашында Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык өнөр институтун аяктаган. Кийин Ош драма театрында, "Тунгуч" жаштар театрында, Кыргыз мамлекеттик драма театрында ондогон образ жараткан. Андан сырткары, Кыргызстан, Казакстан, Россия, АКШнын кинолоруна тартылган.
Мукамбет Токтобаев катышкан "Чиркин өмүр" сериалын көрүп отуруп, малын да уурдатып жибергендер болгону айтылат. Андан кийин актёрду көчөдөн көргөн эл "генерал келе жатат" деп калышкан. Ага чейинки ролуна карап "Маашырбек" деп атап жүрүшкөн. "Көл жээгиндеги үй" пьесасы Кыргыз драма театрында коюлган. Мындан тышкары, "Каркыралар", "Кыздар жана көйнөктөр", "Биз отурган автобус", "Ышкырык" ырларына обон жараткан.
Мукамбет Токтобаев беш эркек, бир кыздын атасы болгон. Азыр 19 небере, 9 чөбөрөсү бар. Кыргыз эл артисти 2015-жылы 30-июлда жол кырсыгына кабылып көз жумган.