Кыргызстанда мамкызматкерлердин орточо айлыгы 48 миң сомго чейин жетти

Бийлик билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык чөйрө тармагындагы орточо айлыкка канча азык-түлүк сатып алууга болорун көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 2022-жылы мамлекеттик кызматкерлердин орточо айлык акысы 47 953 сомду түзгөнүн президенттин администрациясынан билдирди.
1 / 4
2 / 4
3 / 4
4 / 4
Өлкө башчынын басма сөз кызматы Кыргызстандын 1994-жылдан 2022-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берген.
Диаграммада мамлекеттик бюджеттин кирешеси, орточо айлык акы жана сатып алуучулук жөндөм көрсөтүлгөн. Анда билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык чөйрө тармагындагы орточо айлыкка канча азык-түлүк сатып алууга болору тууралуу маалымат берилди.
Августта мамкызматкерлердин маянасын жогорулатууга 7 млрд. сом жумшалды