БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев КР Баатыры наамын алган соң "Регион" телеканалына маек куруп жатып бир катар билдирүү жасады.
Төмөндө урунттуу учурлары сунушталат:
Президенттин досу болгону үчүн эле сыйлык алды дегендер менен макул эмесмин. Оштогу, Жалал-Абаддагы жана Сузактагы тургундар 2010-жылы эле мага баатыр намын ыйгарууну сурап бийликке кайрылышкан.
Июнь окуясында жасаган аракеттерибиз кайсы бир маалда бааланарын билгем. Бирок мен көзүм өткөндөн кийин бааланса керек деп ойлогом. Тирүү кезинде адамдын эмгеги бааланышы өзгөчө биздин коомдо кыйын экенин баарыбыз билебиз.
Баатыр наамды президент Садыр Жапаровго, экс-спикер Ахматбек Келдибековго да берсе болмок. Биз Курсан Асанов, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева менен биргеликте Кыргызстанды сактап калдык.
Азыркы бийлик эки жылда коррупцияны токтотту. Бүгүн пара алуудан коркуп калышты, эч кимди эч ким калкалабайт.
Биз бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейбиз, андан башка кызыкчылыгыбыз жок. Учурда президентке да, мага да эч кандай байлыктын кереги жок. Кудай бизге элге кызмат кылуу үчүн бийликти берди. Ошол элибиз берген бийликти кайра элге иштетүүгө милдеттүүбүз.
Биз бийликке келгенде бюджет 180 млрд. сом болчу, быйыл 400 миллиарддан ашат. Президенттин койгон талабына ылайык, жакынкы 3-4 жылда бюджетибиз триллион сомго жетиши керек.
Оппозиционерлерге чара колдонгум келбейт, себеби алардын көбү менен мурда бирге жүргөнбүз. Бирок чектен аша турган болсо ким экенине карабай чара көрөбүз. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн бейпилдик болушу шарт.
УКМК кызматкерлери соңку убакта бирөөлөрдүн үйлөрүндө, мекеменин бир бурчунда отуруп иштеп калышкан. Былтыртан бери 50гө жакын жаңы имарат курулду. Андан сырткары, транспорт жана техника менен камсыздалды.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиевге аталган наамды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров 1-сентябрь күнү кол койгон. Өлкөнүн эң жогорку наамы болгон КР Баатыры Ташиевден тышкары мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкуловго, Апас Жумагуловго, Арстанбек Дүйшеевге жана Болот Шамшиевге берилди.