4-сентябрга карата аба ырайы

Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү күндүз Ысык-Көл өрөөнүнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын аймагында +25...+30 градус ысыйт.
Бул күнү термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ош калаасында +34...+36 градусту көрсөтүп турат.
Окумуштуулар: глобалдуу жылуулук өмүргө кооптуулук жараткан ысыкты күчөтөт