Бишкекте аймактык тескөөчүлөргө планшеттер берилди. Максаты

Бишкек шаардык милициясы элди электрондошуу жараянына кайдыгер болбоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан "Электрондук административдик паспорт" программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
"Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына жана ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын санариптештирүү максатында баш калаанын аймактык тескөөчүлөрүнө планшеттер тапшырылды", — деп жазылат маалыматта.
Мекемеден белгилегендей, "Электрондук административдик паспортко" аймактык тескөөчүлөр жергиликтүү жашоочулар, унаалар, үйлөр, социалдык маанидеги объектилер, аңчылардын тизмеси, жеке күзөт агенттиктери жана башка ушул өңдүү маалыматтарды киргизип турат.
"Бул маалыматтар жашоочулардын жана алардын мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иштерди күчөтүүгө жана түрдүү кылмыштардын алдын алууга жардам берет. Бүгүнкү күндө Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматындагы аймактык тескөөчүлөр жогоруда айтылган электрондук программаны толтуруу иштерин жүргүзүп жатат. Урматтуу тургундар, аймактык тескөөчүлөрдүн ишин түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнүп, кайдыгер болбоого чакырабыз. Бул биринчи кезекте сиздердин коопсуздугуңар үчүн пайдалуу", — деди Бишкек ШИИБинен.
Ошондой эле мекеме эски ыкмадан заманбап, санариптештирүү ыкмасына өтүп жатканын кошумчалады.
Кайгуул милициясы эми Бишкекте Toyota Prius автоунаасы менен жүрөт. Видео