БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Бишкек суу каналдын" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын авариялык бригадалары күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалымат кызмат мекемеге түшкөн бардык арыздар менен кайрылуулар тиешелүү кызматтарга берилерин жана адистер зарыл болгон иштерди аткарарын айтты.
"Бишкек суу канал" тейлеген тармакта кандайдыр бир кырдаал жаралса, шаардыктар кыска 1533, диспетчердик (0312) 56-03-20 телефондоруна чалса болот.
"Бишкек суу каналдын" негизги милдети — шаарга суу берүү жана сууну алып кетүү системасы менен камсыздоо, аны тиешелүү тартипте чен өлчөмү менен жеткирип туруу.