Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке Разия Сырдыбаева директор болду

Август айында музыкалык мектептин мурдагы директору кызматтан бошотулуп, жаңы директор конкурстук негизде тандап алынары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернаттын директорлук кызматына Разия Сырдыбаева дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Анда айтылгандай, тиешелүү буйрук кечээ, 2-сентябрда, чыккан.
"Филология илимдеринин кандидаты, фольклор багытындагы музыка таануучу Разия Сырдыбаева буга чейин Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери болуп эмгектенип келген. Ошондой эле ал "Устат-шакирт" коомдук фондунун жетекчиси катары белгилүү", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган окуу жайды КР эл артисти Исирадин Аманбаев жетектеп келген. Министр Азамат Жаманкулов Аманбаевди кызматынан ушул жылдын 22-августунда бошоткон. Жаңы директор конкурстук негизде тандап алынары айтылган.
Маданият министри эки музыкалык окуу жайдын директорлорун иштен алды