БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров стартаптарды колдоо максатында өлкөнүн ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлордун ишине старт берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубаторлор өлкөнүн 20дан ашуун жогорку окуу жайында ачылган.
Ачылыш аземге Акылбек Жапаров видеоконференция режиминде катышты.
"Бүгүн биз жаштар арасындагы ишкерликти колдоого багытталган долбоорду баштап жатабыз. Алдыңкы мамлекеттердин өнүгүү тарыхы көрсөтүп тургандай, биздин негизги ресурсубуз — идеяга бай, демилгелүү, таланттуу жаштар. Эми студенттер ар түрдүү тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыңкы идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Өлкөдө стартаптар рыногу эми гана өнүгүп жатат. Улуттук экономиканын өнүгүшүнө реалдуу таасир этиши үчүн өлкөбүздө жыл сайын он миңдеген стартаптар өнүгүп, рынокто бизнес-идеялардын ачык атаандаштыгы болушу керек", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
Ал жогорку окуу жайларда стартап-долбоорлордун сынактарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби боюнча жобо кабыл алынганын кошумчалады.
"Студенттик стартап" программасынын алкагында маалымат-санарип технологиялар, медицина жана саламаттык сактоо, медициналык технологиялар, химиялык технология, интеллектуалдык өндүрүш технологиясы, биотехнология, ресурс үнөмдөөчү энергия, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия сыяктуу тармактарда стартап долбоорлор тандалат. Эң күчтүүсүн мамлекет каржылайт", — деген Жапаров.
Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол койгон.