БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган датага карата дүйнө жүзүндө "Жеңиш диктанты" деп аталган эл аралык акция өтүп, ал Кыргызстанды да камтыйт. Бул тууралуу Россотрудничество агенттигинин өкүлчүлүгү билдирди.
© Фото / Представительство Россотрудничества в КР
Иш-чара Кыргызстандын көп аймагында, тагыраагы, 19 аянтчада уюштурулат. Анын бири Бишкектеги "Русский дом" уюмунда болору айтылды.
Каалоосу бар кыргызстандыктар саат 14:30да каттоодон өтүп, диктант жазууну саат 15:00дө башташат.
"Русский дом" уюмундагы акцияга Ардагерлердин республикалык кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев, "Өлбөс полк – Кыргызстан" кыймылынын координатору Зульфира Хайбуллина, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов, "Наша Победа – Биздин Жеңиш" издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптева катышмакчы.
"Русский дом" коноктору Экинчи дүйнөлүк согуш боюнча билимин текшерип тим болбостон, бул доорду баяндаган тарыхый жана көркөм фильмдерди көрүшөт. Жат жазуунун алдында "Улуу Ата Мекендик согуш ТАССтын хроникаларында" деген аталыштагы даректүү тасма тартууланат. Аягында Москванын "Динамо" футболдук командасынын британ турнеси боюнча тартылган көркөм фильм коюлат.