Кайып Куленбеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болду

Нурбек Жеңиш бул кызматты 2014-жылдан бери аркалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кайып Куленбеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Аталган жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Куленбеков 50 жашта. Ал 2019-жылдан бери Кыргызстандагы депозиттерди коргоо агенттигинин директорунун орун басары, Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ар кандай кызматтарда иштеген.
Буга чейин президенттин жарлыгы менен төраганын орун басары Нурбек Жеңиш кызматтан алынган. Ал бул кызматты 2014-жылдан бери аркалап келген.
"Кумтөргө" Бөлтүрүктүн ордуна жаңы жетекчи дайындалды