Садыр Жапаров бүгүн өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга сыйлык тапшырат

Иш-чара эки бөлүктөн туруп, биринчиси саат 10:00дө башталса, экинчиси 16:00дө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров өз тармагында өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырарын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сыйлык тапшыруу аземине өзгөчө эмгеги үчүн ар кыл тармактын өкүлдөрү катышат.
Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт. Сыйлык тапшыруу аземи эки бөлүктөн туруп, биринчиси саат 10:00дө башталса, экинчиси 16:00дө болот.
Эскерте кетсек, кечээ сыйланчулардын тизмеси жарыяланган.
Кыргызстандагы эң жогорку сыйлык кимдерге ыйгарылган? Инфографика