Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш кызматтан бошотулду

Улуттук банктын мурдагы төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш. Архив
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров 30-августта кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров 30-августта кол койгон.
Нурбек Жеңиш бул кызматты 2014-жылдан бери аркалап келген.
"КРдин Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамга ылайык, банктын төрагасынын орун басарлары президент тарабынан жети жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык иштей албайт.
Кумтөр голд компани компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк. Архивдик сүрөт
"Кумтөрдө" финансылык мыйзам бузуулар болуп, Бөлтүрүк кызматтан четтетилди