Министр: 5 жылга чейин мектеп, бакча көйгөйүн чечебиз деген план бар

2022-окуу жылынын башына карата 25 билим берүү объектиси пайдаланууга берилип, Бишкекте 1-ноябрга чейин жаңы 15 мектеп, бир бала бакчанын ачылышы болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жакынкы беш жылга чейин Кыргызстанда мектеп, бала бакча көйгөйүн чечебиз деген амбициялуу план менен иштеп жатабыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев "Ала-Тоо 24" телеканалына маек берип жатып билдирди.
Ал быйылкы окуу жылында канча мектеп пайдаланууга берилгенин айтып, салына турчуларды да тизмектеди.
"2022-окуу жылынын башына карата 25 билим берүү объектисин пайдаланууга берип жатабыз. Бишкекте 1-ноябрга чейин жаңы 15 мектеп, бир бала бакчанын ачылышы болмокчу. Өлкө боюнча үч сменага чыгып кеткен 136 мектеп бар. Мындан тышкары, 245 билим берүү жайы авариялык абалда болчу. Азыр анын 25и бүттү. Өлкө боюнча 220 мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Болгону 58 мектептин каржылоо маселеси чечиле элек. Калганы мамлекеттин жана биз менен иштешкен донорлордун эсебинен салынып жатат. Эми Россия тогуз билим берүү уясын салып баштаса, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан курулуп жаткан 27 мектептин сегизи 2022-жылдын аягына чейин ишке берилмекчи", — деди министр.
Ал Кыргызстанда жыл сайын бала көп төрөлүп, мектептер жетишсиз болуп жатканын айтты.
"БУУнун изилдөөсү боюнча, 2028-жылы Кыргызстанда калктын эң көп өсүшү күтүлөт. Буга байланыштуу жылына 24 мектеп салышыбыз керек. Маселе президенттин тапшырмасы менен чечилип жатат. Бирок Ош, Жалал-Абад, Каракол сыяктуу шаарларда дагы эле мектеп маселеси курч бойдон калууда. Аны чечүү үчүн өкмөт активдүү иш алып барып, Дүйнөлүк банк, өнүктүрүү банктары менен иштешүүдө. Жакынкы беш жылга чейин Кыргызстанда мектеп, бала бакча көйгөйүн чечебиз деген амбициялуу план менен иштеп жатабыз", — деди Бейшеналиев.
Акылбек Жапаров Бишкекте 15 мектеп, бир бакчанын курулушу башталганын айтты. Сүрөт