Радио

Оморов: аймактагылар үчүн жеңилдетилген ипотекага өзүнчө кезек түзүлдү

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 1041 үй-бүлө турак жайлуу болгонун айтты.
Sputnik
Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК аймактардын тургундарына "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча ипотекалык кредиттерди берүү үчүн квота киргизип, аларга өзүнчө кезек ачты. Бул тууралуу Таалай Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча электрондук порталда бекитилген программанын бардык катышуучулары "РСК Банк" ААК, "Айыл Банк" ААК жана "Бакай Банк" ААК филиалдарына кайрылса болот.
"Турак жайга муктаждык Бишкек, Ош өңдүү чоң шаарларда абдан жогору. Ал эми аймактарда кезекке тургандар аз. Андыктан "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча турак жай программасына катышуучулардын жалпы тизмесинен аймактарга өзүнчө артыкчылык берилет. Мындайча айтканда, "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча жалпы тизменин тартибин сактоо менен "Менин үйүм 2021-2026" программасынын аймактардагы катышуучулары эми өзүнчө кезекке тура алат. Ал азыркы тизме боюнча аныкталат. Ар бир облуска 20дан квота бөлүндү. Банктарда каржылоо үчүн электрондук кезекке арыз кабыл алынган турак жай программасынын катышуучулары өздөрүн ипотекалык компаниянын сайтынан текшере алат. Квота боюнча тизмеге киргендер жакында СМС-билдирүү алышат. Аларга турак жай таап, документтерин тапшырууга 20 күн берилет", — деди Оморов.
Ал Мамлекеттик ипотекалык компания 2022-жылдын биринчи жарымында 1041 үй-бүлөнү турак жайлуу кылганын, ага 2,5 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалганын кошумчалады.