Кыргызстандык эгиз бийчилер Париждеги дүйнө чемпионатына катышты. Видео

Кыргызстандык эгиздер Ома жана Эмир Асанбековдор Парижде өтүп жаткан заманбап бий боюнча Fusion Concept Festival дүйнө чемпионатынын жарым финалына чейин жетти.
Sputnik
Алар көптөгөн өлкөлөрдөн келген мыкты бийчилер менен ат салышты. Кыргызстандыктар мындай дүйнөлүк турнирге биринчи ирет катышууда. Тилекке каршы, алдыңкы орунга илешпей калган. Франциялык Les Twins тобу жеңүүчү аталды.
"Эгиздер Кыргызстандын атагын чыгарды", — деп жазды уюштуруучулар соцтармакка.
Тема боюнча:
Кыргызстандык үч окуучу информатика боюнча эл аралык олимпиададан коло утту