"Кыргыз алтындын" жетекчилиги кетип, 33 жаштагы Калдарбеков башкармай болду

Мамлекеттик мүлк фонду жаңы жетекчини жана орун басарларын дайындады.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Кыргыз алтын" ишканасынын башкаруучулугу толук курамы менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Отставканын себеби айтылган жок.
"Кыргыз алтындын" жетекчилиги толугу менен отставкага кетти. Себептери азырынча айтыла элек.
Кызматтан алынгандар:
Жарасул Абдураимов — башкармалыктын төрагасы;
Амантур Турсуниязов — геологиялык чалгындоо иштери боюнча жетекчинин орун басары;
Жеңиш Сейдалиев — экономика, каржы жана инвестиция боюнча жетекчинин орун басары;
Данияр Конокбаев — уюштуруу иштери боюнча жетекчинин орун басары.
1 / 4

Жарасул Абдураимов

2 / 4

Амантур Турсуниязов

3 / 4

Жеңиш Сейдалиев

4 / 4

Данияр Конокбаев

Ал эми "Кыргыз алтындын" жаңы жетекчиси болуп 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков дайындалды. Ал ушул жылдын май айынан июлга чейин "Кыргыз көмүр" ишканасынын директору кызматын аркалаган. Андан мурда "Кыргыз алтындын" аффинаждоочу заводунун директорунун орун басары болуп иштеген.
Ошондой эле жаңы орун басарлар дагы дайындалган, алар — Кубанычбек Турдукожоев, Куанычбек Рисбаев жана Бекмурза Өмүралиев.
Кайып Куленбеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болду