БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Казак парламентиндеги "Жаңа Қазақстан" депутаттык тобунун мүчөлөрү борбор калаанын азыркы Нур-Султан аталышынан баш тартып, мурдагы Астана аталышын кайтаруу боюнча демилге көтөрүштү. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
"Адамдын көзү тирүүсүндө шаарга атын берген болбойт, андан сырткары эл борбор калаанын жаңы аталышын кабыл алган жок. Андыктан мурдагы "Астана" деген тарыхый, биринчи президент сунуштаган аталышын кайрып берген ыңгайлуу. Бул чечим биринчи президенттин өлкөнүн башкы шаарынын өнүгүшүнө кошкон салымы катары бааланат. Элдин талабына да ылайык келет", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.
Депутаттар мамлекет башчынын жакында эле жасаган кайрылуусундагы сунушу боюнча өздөрүнүн позициясын айтууну чечишкен.
Алар быйыл башталган конституциялык реформа өлкөнү башкаруунун демократиялык моделине жетелейт деген пикирин билдиришкен. Андыктан президенттин экинчи мөөнөткө барбай, жети жылдык башкаруу менен вазийпасын аяктоосу тууралуу сунушту адилеттүү дешкен.
Ошондой эле быйылкы кезексиз шайлоодо мамлекет башчынын мөөнөтүн беш эмес, дароо жети жыл деп белгилөө зарыл деген сунушту киргизишкен. Бул укуктук коллизиядан оолак болуунун бирден-бир жолу дешкен.
Эске салсак, 1-сентябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү туурасында билдирген.
"Мен көп ойлонуп, президенттик мөөнөттү карап чыгуу керек деген жыйынтыкка келдим. Мисалы, жети жылдык бир мөөнөт менен чектөөнү сунуштайм. Кайра шайланууга тыюу салынат", — деген ал.