Караколдо чет элдик жигит сууга чөгүп каза болду

Кырсык бүгүн түшкө маал болуп, чөккөн жаран куткаруучулар барганча каза болуп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Каракол шаарынын пляжында бир жигит көлгө чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда, саат 12:45те көлдүн Каракол шаарына тиешелүү аймагында чет элдик жаран чөгүп кеткени тууралуу 112 кызматына чакыруу түшкөн. Жерине төрт куткаруучу барып, саат 13:20да болжол менен 25-30 жаштагы жигиттин сөөгүн суудан алып чыккан.
Маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Суучулдар Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кызды издеп жатып кишинин сөөгүн таап алды