БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Германия көгүлтүр от аз келип жатканына карабай Россиядан газ импорттоону токтото албайт. Бул тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кырдаалдан чыгабыз деп ишенем. Газдан баш тарта турган болсок кыйналып калабыз. Россиядан көгүлтүр от аз болсо да келип жатат. Жашообузду татаалдаштырбашыбыз керек. Бул менин жеке оюм", — деген ал.
Канцлер Германиянын энергетикалык каатчылыктан чыга ала тургандыгына ишенимин Берлин газ кампаларын убагында толтуруп, көмүр менен иштеген электр станцияларын ишке киргизгени менен түшүндүрдү.
Ал көгүлтүр отко көз каранды болбош үчүн мамлекет газды импорттоо үчүн инфраструктурасын кеңейтиши керектигин кошумчалаган. Шольц Евробиримдик эмне себептен газды импорттоого санкция киргизбей жатканын да түшүндүрдү. Анын айтымында, бул биринчи кезекте Германия менен эмес Европанын түндүгүндөгү мамлекеттерге байланыштуу.
"Алар башка жолун биздей бат таба албай жатышат", — деген ал.
Эске салсак, бүткүл Европа көгүлтүр оттун олуттуу тартыштыгына дуушар болууда. Анткени Россиянын негизги түтүгү болгон "Түндүк агым" 20 пайыз кубаттуулук менен гана иштеп жатат. "Газпром" муну талапка жооп бербеген техникалык тейлөө жана Siemens турбиналары оңдоп-түзөөдөн кийин Канада тараптан кайтарып берилбей жатканы менен байланыштырган. Азыр куурду иштетүү үчүн беш кыймылдаткычтын бирөө гана колдонулууда.