Радио

Акматов: зер буюмдарды экспорттоодогу тоскоолдуктар жоюлду

Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов баалуу металлдар боюнча жаңы мыйзам ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтып берди.
Sputnik
Жаңы кабыл алынган мыйзам менен зер буюмдарды экспорттоодогу тоскоолдуктар жоюлду. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ички өндүрүш жакынкы келечекте импорттук товарларга атаандаштык жарата алат.
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө жаңы мыйзам аталган тармактагы экспорттук потенциалды жогорулатат. Анткени буга чейин айрым тоскоолдуктар болуп келген. Мисалы. ыйгарым укуктуу органдан проба бастырыш керек болгон. Анткени айрым өлкөлөрдө проба деген түшүнүк жок, аларда карат делет. Бул тоскоолдук учурда жоюлуп, продукцияны тышка сатууну жеңилдетти. Экспортко чыгуу үчүн өлкөдө мүмкүнчүлүктөр кеңири. Мисалы, ВСП+ деген макам бар. Зер буюмдар Европага пошлинасыз киргизүүгө мүмкүн болгон товарлардын катарында. Ошондой эле ЕАЭБдин алкагында өз эрежелери бар. Жакында зер буюмдардын улуттук эн белгисин уюмдун ичинде таануу боюнча мыйзам кабыл алынганы турат. Учурунда бул демилгени Кыргызстан менен Армения көтөргөн. Мыйзамдын кабыл алынуусу уюмдун ичинде товар айлантууну жогорулатат", — деди Акматов.
Ошондой эле ал учурда сырьё маселеси дагы чечилип жатканын кошумчалады.