БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги жарманкени октябрдын башында өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева кабарлады.
Соңку ирет мындай иш-чара апрелде өткөрүлгөн. Коронавирус пандемиясына чейин жарманке байма-бай болуп турчу.
"Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кененирээк маалымат октябрга жакын айтылат", — деди Анарбаева.
Жарманкеде жеке компаниялардын ээлери иш издегендерге өзүндөгү бош орундарды сунуштайт. Адатта миңдеген вакансия кездешет.