19 жаштагы блогер боюнча шаардык сот өзүнүн чечимин кабыл алды

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда айыпталуучу блогер боюнча соттук материал каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык сот Жетим-Тоо кени боюнча жалган маалымат таратууга шектелип кармалган 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев боюнча чечимин чыгарды.
Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы 2022-жылдын 16-августунда ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү токтом чыгарган.
Айыпталуучу коомдук тартипке каршы оор кылмышты жасагандыгы үчүн, тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айыпталууда.
Жекшеналиев коомдук тартипке каршы оор кылмышты жасагандыгы үчүн делип Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандык") 3-бөлүгү тарабынан кылмыш иши козголгону белгиленди.
"Жогорудагылардын негизинде соттук коллегия Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы чыгарган токтомун мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, 19 жаштагы блогер 15-августта кармалган. Милиция ал социалдык тармактагы баракчасына такталбаган жалган маалыматты атайын таратып, элдин башын айландырып жатат деген.
Жетим-Тоо азыр казылбайт, элдин башын айлантпагыла! Жапаров кайрылуу жасады