Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы регламентин жактырбай артка кайтарды

Эл өкүлдөрү каникулга чыгар алдында парламенттин жаңы регламентин кабыл алган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салган регламенттин долбоорун жактырбай артка кайтарды. Бул туурасында депутат Исхак Масалиев билдирди.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү каникулга чыгар алдын парламенттин жаңы регламентин кабыл алып, президентке жөнөткөн болчу.

"Президенттен каршы пикир келди. Регламент боюнча мыйзамды тезинен кайра иштеп чыгышыбыз керек. Каршы пикирде "Жогорку Кеңештин укугу жок" деген бир топ сын-пикирлер бар экен. Урматтуу кесиптештер, муну мен Жогорку Кеңешти алсыратуу кадамы деп эсептейм", — деди Масалиев.

Мындан улам ал бир мунасага келүү менен регламентти кабыл алып, толук кандуу мыйзамдуу түрдө иштеш керектигин белгиледи.
Жапаров бир катар коомдук жана саясий ишмерлерге КР Баатыры наамын берди