Финансылык стратегиялык өнөктөш. Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун башчысын кабыл алды

Жапаров фонддун жетекчисине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн каржылоого каражат бөлүү чечимин кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды

2 / 3

Мамлекеттин маалымат кызматынан учурдагы биргелешкен долбоорлор жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болгонун айтты

3 / 3

Президент Сауд өнүктүрүү фонду менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Мамлекеттин маалымат кызматынан учурдагы биргелешкен долбоорлор жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болгонун айтты.
"Мамлекет башчысы Кыргызстан Сауд Арабиясы менен кызматташуунун бардык багыттарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө артыкчылык берерин, Сауд өнүктүрүү фонду өлкөнүн каржылык стратегиялык өнөктөшү катары караларын белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Жапаров фонддун жетекчисине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн каржылоого каражат бөлүү чечимин кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирген. Бул ички миграцияны азайтуу максатында өлкөнүн бардык региондорунда үйлөрдү куруп баштоого мүмкүндүк берет деген пикирин айткан.
Президент Сауд өнүктүрүү фонду менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.
"Султан Аль-Маршад жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиясынын Королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун саламын жеткирди. Ал бүгүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында бир мектептин ачылышына катышканын, ошондой эле Бишкек шаарында балдар үчүн медициналык Тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу пландалып жатканын билдирди", — деп айтылган билдирүүдө.
Ислам өнүктүрүү банкына Бишкектен кеңсе ачып, кеңири кызматташуу сунушталды