Улуттук наркты сактоо боюнча программа бекитилди

Программада улуттук наркты сактоодо жана өнүктүрүүдө маданияттын, билим берүүнүн ролун күчөтүү керектиги жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө 2022–2027-жылдарга улуттук программаны бекитүү тууралуу" жарлыкка кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы. Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биз руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдин наркын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаранды тарбиялашыбыз керек", — деп жазылат маалыматта.
Программада билим берүү мекемелери үчүн моралдык-этикалык жүрүм-турум кодекстерин иштеп чыгуу, кыргыз элинин үрп-адат, ырым-жырымдарын системалаштыруу, кыргыз элинин наркын чагылдырган көркөм фильмдерди, мультфильмдерди, даректүү тасмаларды тартуу, ошондой эле спектаклдерди коюу сыяктуу нерселер камтылган.
Документти толугу менен президенттин сайтынан окуй аласыздар.
"Хан бийлигинен нарк күчтүү". Жапаровдун "Улуттук нарк жөнүндө" жарлыгы